Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 12:10

Мындан ары Тажикстанда басмакана же басылма ачууда башка уруксат кагаздары менен катар эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен маалымкат алуу да талап кылынат.

Жаңы эрежелерди камтыган документ тажик өкмөтү тарабынан 25-февралда кабыл алынды. Ага ылайык, эми өлкөдө маалымат каражатын ачууну каалагандар «Тажикстандарттын», өрткө каршы кызматтын жана медициналык мекемелердин уруксат кагазынан тышкары УКМКдан маалымкат алууга милдеттүү болушат. Бирок документте коопсуздук органынан алынчу кагаздын кандай мүнөздө болушу керектиги так түшүндүрүлгөн эмес.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин маалыматына караганда, жаңы тартип тармакты натыйжалуураак жөнгө салуу жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди.

Тажик укук коргоочулары жаңы эрежелер, анын ичинде УКМКдан маалымкат алуу зарылдыгы басылма ачууда тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 312 басмакана, 376 гезит, 319 журнал жана 10 маалымат агенттиги бар. Алардын көбү жеке менчик.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG