Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүү балдардын баары жыл аягына чейин тийиштүү эмдөөнү алышат. Өнөктүк Бириккен Улуттар Уюмунун каржылык жардамы менен орус өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулат.
ЮНИСЕФ уюмунан кабарлашкандай, эмдөө марттын аягында башталып, жыл аягына чейин жүрөт.
Адистердин айтуусунда, Кыргызстанда 717 балада ушул дарт аныкталган. Алардын 400дөн ашууну антиретровирустук эмдөөнү алып келишет. Дарыгерлер ВИЧ жуктурган энелерден жыл сайын 80ге жакын бала төрөлөрүн, ооруга каршы чаралардан улам айрым ымыркайлар дарттан жабыркабай турганын белгилешет.
2007-жылы дарыгерлердин адашуусу менен өлкөдө бир топ балага жапырт илдет жукканы аныкталган.
Кыргызстанда ВИЧ алгач 1996-жылы катталган. Азыр расмий эсепте жети миң чамалуу кишиде илдет бар.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы программасынын изилдөөсүнө ылайык, соңку 10 жыл ичинде Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар сегиз эсе көбөйгөн.
Мындай дартка кабылгандарды дарылоо милдетин СПИД, кургак учук жана безгек боюнча Глобалдык фонд аркалап келген. Ал колдоону 2018-жылы толугу менен токтотот. (SE)