Президент Алмазбек Атамбаев жаштарды ыймандуулукка үндөп, алардын тарбиясын кеңири коомчулукта талкуулоого чакырды. Мындай пикирин бүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алган учурда айтты.
Кыргызстанда 2017-жыл Ыйман, тарбия жана маданият жылы деп жарыяланган.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, министр Атамбаевге быйыл бул жаатта аткарыла турган иштердин планын тааныштырды. (SE)