Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондордунда жана тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо тийиш.
14-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,
Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -7...-12.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түндө -2...-4, күндүз 0...+2 градус болот.