Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:08

Кыргызстандык Муслим Евлоев эл аралык турнирде жеңди


Муслим Евлоев (ортодо)

Кыргызстандык Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча Түркияда алтын медаль алды. Стамбул шаарында 10-12-март күндөрү өткөн "Яшар Догу" деп аталган эл аралык таймашта Евлоев 74 килограмм салмакта атаандаштарын жеңди. Финалда 2014-жылкы дүйнө чемпиону, орусиялык Хетаг Цаболов менен беттешти.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, турнирге Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Румыния, Армения, Азербайжан, Польша, Орусия, Болгария жана Норвегиядан спортчулар катышты. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG