Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Аида Салянова УКМКга суракка келди


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кезектеги суракка келди. Адвокаты Улан Жумаков билдиргендей, депутат бүгүн түштөн кийин саат 15:50дө атайын кызматка барды.

Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти тергөөнү УКМК өз колуна алган.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. 1-февраль күнкү сурак дээрлик беш саатка созулган. (SE)

XS
SM
MD
LG