Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

ЕБ Орусияга киргизилген жеке санкцияларды узартты


Европа Биримдигиндеги мамлекеттик элчилер 13-мартта 150 жеке жакка жана 37 субъектке санкцияны улантууну макулдашты. Санкцияга кириптер болгондор Украинанын аймактык бүтүндүгүнө зыян келтиргендер деп аталды.

Орусия мамлекеттик ишмерлерине жана компанияларына каршы санкциялар 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин жарыяланган. Санкция жарыялангандар тизмесинде Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин, президенттин кеңешчиси Сергей Глазьев, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов жана алып баруучу Дмитрий Киселев бар.

Биримдиктин санкциясы ошондой эле 37 уюм жана мекемеге жарыяланган. Алардын арасында Крымда иш жүргүзгөн компаниялар, аскерий бөлүктөр бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG