Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

"Ата Мекен": Сот Баш мыйзамды бузуу менен чечим чыгарды


"Ата Мекен" партиясы лидери Өмүрбек Текебаевге карата Бишкек шаар мэри Албек Ибраимовдун доо арызы боюнча чечимди сот Баш мыйзамды бузуу менен чыгарды деп маалымдады. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айгүл Үметова чечимди жоопкер тараптын катышуусуз, тараптарга жарыш сөз бербей туруп чыгарганы партиянын билдирүүсүндө айтылат. Анда "судья бул ишке жоопкер Өмүрбек Текебаев белгилүү себептер менен өз укугун өзү коргой албай турган кырдаалдан пайдаланып, мэр Албек Ибраимовдун пайдасына чечим чыгарды" деп жазылган.

13-мартта Биринчи Май райондук сотунда мэр Албек Ибраимовдун депутат Өмүрбек Текебаевге карата доо арызы каралды. Сот Текебаевди Ибраимовго 1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Жараяндын башында Текебаевдин адвокаттары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз "Текебаев кайтаруучулардын коштоосунда келип, отурумга катышып, жарыш сөзүн айтсын" деген өтүнүч келтирсе сот аны четке каккан. Буга нааразы болгон адвокаттар сот залынан чыгып кетишкен. Чечим жоопкер тараптын катышуусуз чыгарылган.

Биринчи Май райондук соту чечим мыйзам нормаларынын негизинде чыгарылганын, адвокаттарда депутаттын ишеним кагазы болгондуктан, Текебаевдин катышуусу шарт эместигин билдирүүдө.

Текебаевдин адвокаттары соттун чечимине нааразы болуп, жогорку инстанцияга кайрылышарын маалымдашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG