Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

ТҮРКСОЙдун Ардак ордени Саламат Садыковага ыйгарылды


Саламат Садыкова.
Саламат Садыкова.

Жалпы Түрк дүйнөсүнүн алкагында жараткан өзгөчө чыгармачылык ийгиликтери үчүн жана 60 жашка чыккандыгына байланыштуу Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова ТҮРКСОЙдун Ардак ордени (Onur nişanı) менен сыйланды. Буйрукка Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов 10-мартта кол койгон. Бул тууралуу Кыргызстандын уюмдагы өкүлү Кожогелди Култегин "Азаттыкка" маалымдады. Анын сөзү боюнча, орден Саламат Садыковага Кыргызстанда тапшырылат.

Өткөн жылы түрк дүйнөсүндөгү кинону өнүктүргөнү жана үзүрлүү эмгеги үчүн кыргызстандык режиссер Болотбек Шамшиевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG