Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:01

Кара-Сууда бир тургун "халифатчылыкка" шектелүүдө


Шектүүнүн үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар.

Ош облусунун Кара-Суу шаарында "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 58 жаштагы шектүү 7-мартта колго түшкөн.

"Ал Конституцияга каршы аракет жасап, "Халифат" мамлекетин куруу идеясын жайылткан. Үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголду. Өзү убактылуу кармоочу жайга камалды. Үйүнөн чыккан диний адабияттарга теологиялык экспертиза жасалып, экстремисттик мүнөздө экени аныкталды", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Апта башында Чүйдө "хизбутчу" деген шек менен жети киши колго түшкөнү кабарланган.

"Хизб-ут-Тахрир" - Кыргызстанда тыюу салынган 20 уюмдун бири. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG