Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Ат-Башыда кар күрткүсү тургундарга түйшүк жаратууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындын Ат-Башы районунда бороон айдап келген кар күрткүсү турак жайлардын короосуна толуп, тургундардын жашоо-тиричилигине түйшүк жаратууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 12-марттын түнүндөгү катуу бороондон Ак-Муз жана Өзгөрүш айылдары жапа чегишти. Алты үйдүн алдын кар басып, сыртка чыгууга кыйын болууда. Айылдагы сегиз ички көчө да күрткүгө басылып турат. Кардын калыңдыгы жарым метрден 2,5 метрге чейин.

13-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы аталган кыштактарга барып, күрткүнү тазалоо иштерин баштаган. Бирок шамалдан улам кайра эле күрткү басып, кыйынчылык жаралууда. Министрликтин маалымат кызматы тазалоо жумуштары бороон токтогондо уланарын 14-мартта кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG