Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 12:10

Дүйшөмбүдө Британиянын Лорддор палатасы Евробиримдиктен чыгуу боюнча мыйзам долбоорун колдошту. Бул Тереза Мэйдин өкмөтү Брекзитти баштоо үчүн парламенттин акыркы макулдугун алды дегенди билдирет.

Эми документти британ канышасы бекитиши керек. Бирок ал символикалык гана мүнөзгө ээ. Лорддордун чечими премьер Мэйге Лиссабон келишиминин 50-беренесин ишке киргизип, Британияны Евробиримдиктен чыгаруу боюнча эки жылдык сүйлөшүүнү баштоого дароо жол ачары айтылууда.

Парламент маселени карап жатканда сыртта ондогон адамдар мыйзамды кабыл албоого чакырып, митинг өткөрүштү.

Британиялыктардын жарымынан көбүрөөгү былтыр июндагы референдумда Евробиримдиктен чыгууга добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG