Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Авиакырсыктан жабыркагандарга акча чогултуу бүгүн токтойт


Авиакырсыктан кийин.
Авиакырсыктан кийин.

Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан банк эсеби бүгүн, 14-мартта жабылат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна министр Кубатбек Боронов билдирди. Акча кырсыктан соң ошол айылда жашагандардан түзүлгөн комиссияга берилет, өздөрү бөлүштүрүп алышат. Расмий маалымат боюнча, жабыркагандарга жардам чогултуу максатында ачылган атайын банк эсебине 14-мартка карата 96 миллион 208 979 сом түштү.

Ал эми компенсация маселеси Эл аралык авиациялык комитеттин жана өкмөттүк комиссиянын тыянагы чыккандан кийин чечилет.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле.

Конуш тургундары компенсация маселесин козгоп жана элди коопсуз аймакка көчүрүүнү талап кылып нааразылык билдирип жатышат. Бүгүн алар талаптары жазылган кайрылууну бийликке жолдошту. (SE)

XS
SM
MD
LG