Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

БУУ: Сирия жаңжалы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки ири кырсык


Алеппо. 10-март, 2017-жыл
Алеппо. 10-март, 2017-жыл

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Сирия жаңжалын “Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң катаал техногендик кырсык” деп атады.

"Бүгүн кайсы бир мааниде бүт өлкө кыйноо камерасына, тирукмуш коркунуч ордосуна жана бүтүндөй акыйкатсыздыкка айланды. Сирияда эсепсиз санда адамдар ылгабай кармалды, кыйналды, уурдалды жана жоголду” дейт Зейд Раад ал-Хусейн 14-марттагы билдирүүсүндө.

Жогорку комиссар тынчтык бекем орношу үчүн Сириядагы согушкан тараптар туткундаган он миңдеген адамдарды бошотууга, кылмышкерлерди жоопко тартууга чакырды.

Ошондой эле ал-Хусейн “беймаани кырчылдашууну” токтотуу аракеттерине бир нече ирет вето коюлганын айтуу менен Орусия менен Кытайга ишара кылды.

Сириядагы алты жылга чамалаган жарандык согуштан 300 миңден ашуун адам өлүп, миллиондор качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG