Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

АФК-2017: "Алай" футбол клубу "Алтын Асырга" утулду


Бүгүн, 14-мартта Футбол боюнча Азия конфедерациясынын 2017-жылдагы кубогу үчүн тайпалык оюндар башталды.

Ош шаарынын "Алай" футболдук клубу менен Түркмөнстандын "Алтын Асыр" командасы Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо беттешти. Жыйынтыгында түркмөнстандык клуб 1:2 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, эсепти түркмөнстандыктар ачты. Биринчи тайм аяктайын дегенде "Алай" оюнчусу Акрам Умаров кокусунан өз дарбазасына гол киргизип алды.

Экинчи таймда Акрам Умаров "Алтын Асыр" дарбазасына гол киргизип, эсеп ажырымын азайтты.

Эки команданын жооптук беттеши эми 17-майда Ашхабад шаарында өтөт.

Азия конфедерациясынын 2017-жылдагы кубогу үчүн тайпалык беттештердин алкагында бүгүн, 14-мартта Бишкектин "Дордой" клубу менен Дүйшөмбү шаарынын "Истиклол" клубу да беттешет. Бул клубдардын оюну Тажикстан баш калаасындагы Борбордук стадиондо Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG