Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Казакстанда бир күндө төрт облустун жетекчиси алмашты


14-мартта Казакстандын төрт облусунун акимдери бошотулуп, жаңы дайындоолор болду.

Эми Түндүк Казакстан облусун президенттик администрациянын жетекчи орун басары Кумар Аксакалов, Акмоланы президенттин иш башкармалыгынын жетекчи орун басары Малик Мурзалин, Мангыстауну президенттин алдындагы Эл ассамблеясынын жетекчи орун басары Ералы Тугжанов, Караганданы премьер-министрдин канцелляриясын жетектеп келген Ерлан Кошанов башкарат.

Мурдагы аткаминерлер эмне себептен иштен бошотулганы расмий айтылган жок. 14-мартта президент Нурсултан Назарбаев Акмоло менен Карагандага барган.

XS
SM
MD
LG