Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

БУУ жана АКШ Беларустагы кармоолорго камтамачылык билдирди


Молодечна шаарындагы акциядан бир ирмем
Молодечна шаарындагы акциядан бир ирмем

14-мартта АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Беларустагы тынч протесттер Вашингтондун көз кырында экенин айтып, демонстранттардын жана журналисттердин кармалышына тынчсыздануусун билдирди.

Ошондой эле Минскти эл аралык милдеттемелерин аткарып, сөз эркиндигин урматтоого чакырды.

БУУнун адам укуктары боюнча эксперти Миклош Харашти беларус бийликтерин зомбулукту токтотуп, каршылык акциясына чыккандарды куугунтуктабоого, эркин жыйындарды сыйлоого үндөдү.

Беларуста жарым жылдан ашуун эч жерде иштебегендерден салык алуу декрети февралдагы нааразылык акцияларынан кийин бир жылга артка кайтарылган. Ага карабай өткөн апта аягында бир нече шаарда каршылык марштары өткөн.

13-мартта Amnesty International уруксатсыз демонстрацияларга чыккан деп кеминде 48 адам кармалганын маалымдаган. Евробиримдик аларды тез арада бошотууга чакырган. Каршылык акциясы 15-мартта Минскте да белгиленген.

XS
SM
MD
LG