Чукул кырдаал АКШнын түндүк-чыгыш штаттарында, Нью-Йорк, Нью-Жерси, Пенсильвания жана Виржинияга киргизилди. Мындан тышкары Коннектикут, Род-Айленд, Массачусетс, Нью-Гемпшир, Мейн жана Вермонт штаттарына атайын эскертүү берилди. Бурганак Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон, Балтимор жана Филадельфиянын аэропортторунун ишин аксатып, миңден ашуун аба каттамдары токтотулду.
Калың кар Американын башка штаттарына да жааганы кабарланууда. Айрым маалыматтар боюнча, Висконсинде эки киши кар тазалап жатып, набыт болгон.
Шамалдын ылдамдыгы саатына жүз чакырымды түзүүдө. Туруксуз аба-ырайы тууралуу 50 млн ашуун кишиге маалымат берилген. Мындай аба ырайынан улам немис канцлери Ангела Меркел 17-марттагы Вашингтонго сапарын токтотту. Меркел сапарында АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушмак.