Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Акыйкатчы: Кыргызстанда балдар менен аялдардын укугу сакталбайт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Мындай тыянак Акыйкатчы институту жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында чыгарылган. Адам укугун коргоочу институт тарабынан оор абалда жашаган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо үчүн алты облустан жана 33 тигүү цехинен сурамжылоо жүргүзгөн.

"Аялдардын көпчүлүгү тигүү цехтерде иштешет, алардын иши үчүн талаптагы шарттар түзүлгөн эмес. Цех жайгашкан имараттарда өрт коопсуздугу сакталган эмес, айрым имараттар эски, авариялык абалда болгону анда иштегендердин өмүрүнө коркунуч келтирет", деп айтылат Акыйкатчынын баяндамасында. Сурамжылоого катышкан аялдар эмгек келишими жоктугун, иш убактысынан ашыкча иштеп жатышканын, майрам жана дем алыш күндөрү да иштешерин айтышкан. Ошондой эле кош бойлуу аялдарга эч кандай жеңилдик жок, алар көбүнчө иштен бошотулары маалымдалган.

Акыйкатчынын баяндамасында балдар укугу да сакталбай жатканы айтылып, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 5-17 жаштагы ар бир төртүнчү бала иштөөгө аргасыз экендиги белгиленген. Алардын 96% айыл чарбасында, калганы башка тармактарда, базарларда иштешет. Балдардын 70% мектепке да барып, үй жумуштарын да жасап, талаада же базарда да иштешет.

Акыйкатчынын баяндамасы коомчулукка 14-мартта жарыяланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG