Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Түштүк Осетия аскерлери Орусия куралдуу күчтөрүнө кошулат


Орусия куралдуу күчтөрү.
Орусия куралдуу күчтөрү.

Орус президенти Владимир Путин өкмөтүнө Түштүк Осетия менен аскердик кызматташуу боюнча келишим түзүүнү буйруду. Ага ылайык, Түштүк Осетиянын аскерлери орус куралдуу күчтөрүнүн курамына кирет. Орусия иш жүзүндө Түштүк Осетияны бир нече жылдан бери көзөмөлдөп келүүдө. Расмий Москва бул аймакты көз карандысыз мамлекет катары да тааныган.

Келишимдин долбоору боюнча, жикчилдер куралдуу күчтөрүнө жаңы системаларды Москванын макулдугу менен киргизүүгө милдеттүү. Документте айтылгандай, Түштүк Осетия аскерлеринин курамы жана милдети келишимдин акыркы текстинде аныкталат. Келишим ошондой эле түштүк осетиялык аскерлерге Орусиянын аймактагы аскер базасына которулууга да уруксат берет. Бул жарлыкка байланыштуу Грузия азырынча эч кандай жооп бере элек.

Түштүк Осетия Грузиянын курамынан 1991-92-жылдардагы куралдуу кагылыштардан кийин бөлүнгөн. 2008-жылы августта Орусия аймакка аскер жиберип, муну элди грузин аскерлеринин кол салуусунан коргоо деп түшүндүргөн. Грузия орустардын бул кадамын баскынчылык деп сыпаттаган.

Эки өлкөнүн ортосундагы кыска уруштан кийин Орусия Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган. Бул аймактарда Орусиянын миң чамалуу аскери жайгашкан.

XS
SM
MD
LG