Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Жанар Акаев: Сөз эркиндиги менен жоопкерчилик айкалышы керек


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев журналисттерди жоопко тартууну сунуштаган кесиптештерин мыйзамды сактоого чакырды.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, журналисттер маалымат булактарына, саясатчылардын айткандарына таянып жазарын, аларды ооздуктоо сөз эркиндигин бузуу болорун эскертти:

-Журналисттер эч качан асмандан алып жазбайт. Алар маалымат булагына таянышат. Маалымат булагы - саясатчылар болуп жатабыз. Саясатчылардын сүйлөгөнү ушак, интрига, жалган. Журналисттер аны жазып жатышат. Эгер журналисттерди жоопко тартуу керек болсо, анда саясатчылар кошо жооп бериши керек.

Акаев сөз эркиндиги менен жоопкерчилик айкалышы керектигин кошумчалады.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Азамат Арапбаев айрым жалпыга маалымдоо каражаттары президенттин аброюна шек келтирип жатканын, бул үчүн күч органдары тийиштүү мыйзамдардын негизинде журналисттерди жоопко тартуу зарылдыгын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG