Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Сөз эркиндиги: ММКга коңгуроо


Өткөн аптада маалымат каражаттарына байланыштуу президент жана жарандык коом карама-каршы билдирүү менен чыгышты. Ал ортодо укук коргоо органдары орусиялык журналистти депортацияласа, айрым маалымат каражаттарын Башкы прокуратура сотко берди.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда Кыргызстандагы медиа ишмердигине байланыштуу акыркы окуялардын күңгөй-тескейи жөнүндө кеп жүрдү.

Талкууга медиа эксперт Бурул Усманалиева жана Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу катышты.

“Азаттык”: Бурул айым, акыркы күндөрдө Башкы прокуратура президенттин жана КСДПнын кадыр-баркына шек келтирди деген жүйө менен "24.kg" маалымат агенттигин, "Заноза" сайтын жана "Азаттык" радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доо талап кылды. Мындан соң президент айрым маалымат каражаттарынын ишмердигин сынга алган билдирүү менен чыкты. Бул окуяларды сиз кандай кабыл алдыңыз?

Бурул Усманалиева: Эл аралык стандартка баш ийип, анан негизинде жаңылык тараткан маалымат каражаттарына мындай мамилени коңгуроо катары кабыл алсак болот. Себеби “Азаттык”, “Заноза” сыяктуу медиа уюмдар стандарттарга таянып, булактарды көрсөтүп, экинчи тараптын пикирин билдирүү менен элди кабардар кылып келет.

Менин пикиримде, аша чапкан аракеттей болуп жатат. Кыргызстандын ички мыйзамдарында деле маселен, “ЖМК жөнүндө” мыйзамга туура келбейт. Сөз эркиндиги эл аралык принцип менен алганда жогорку баалуулук болуп эсептелет. Ошондуктан мага куугунтук сыяктуу сезилип жатат.

"Азаттык": Ибраим мырза, акыркы окуялардан улам бир катар саясий күчтөр, уюмдар тынчсыздануу менен чыгып жатат. Бүгүнкү күндө сөз эркиндигине басым жасала баштады деп айтсак болобу?

Ибраим Нуракун уулу: Негизи президент гана эмес, ар бир адам кайсы бир маалыматты өзүнө карата жалган жалаа деп тапса сотко кайрылып, өз укугун коргой алат. Бул президентке же социал-демократтарга эле тиешелүү укук эмес, ар бир адамдын укугу бар.

Албетте кайсы бир саясатчы же бийликтеги адамга сын айткан тарапты сотко берген учурда атуулдук коом сөз эркиндигине куугунтук катары айтышы керек. Бирок акыркы чечимди сот кабыл аларын да унутпашыбыз абзел. Эгер чын эле сот мыйзамга таянып, жалган жалаа деп тапса, мыйзамга баш ийүү зарыл.

“Азаттыкка” жана “Занозага” чыккан маалыматтарды текшерип көрүү керек. Мында медиа уюмдар биринчи болуп өздөрү анализдеши зарыл деп ойлойм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG