Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

"Ата Мекен" фракциясы сунуштаган токтом колдоо таппады


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын сунушу менен сөз эркиндигине байланыштуу иштелип чыккан токтом долбоорун парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында кароо маселеси четке кагылды. Депутаттардын көбү аны колдогон жок.

"Атамекенчилер" сунуштаган документ "Кыргыз Республикасында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоочулардын жана адвокаттардын куугунтукталышы жөнүндө" деп аталат.

Токтомдо соңку кездери президенттин аброюна шек келтирди деген негизде "Азаттык" радиосун, Zanoza сайтын Башкы прокуратура сотко бергени Конституциянын эрежелерине дал келбей турганы белгиленет. Андан тышкары, жарандык активисттер бийликтегилерди сындаганы үчүн, "Ата Мекен" партиясынын юристтерин партия лидеринин маалыматын коомчулукка алып чыкканы үчүн жоопко тартуу аракеттери да демократияны, адам укуктарын бузары айтылган.

Сунуштарга «Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамдардын, Конституциянын тиешелүү беренелери мисал келтирилген.

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов токтом долбоорун четке кагуу Жогорку Кеңештин регламенттик эрежелерин бузганын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG