Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Президент журналисттерди жалган маалымат таратпоого чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта Ооганстан, Индия, Латвия, Кот-д’Ивуар жана Эфиопиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамота кабыл алып жатып журналисттерди жалган маалымат таратпоого чакырды.

- Урматтуу бул жерде катышып жаткан журналисттер! Мен сиздерди журналисттик этиканы жана адамдык моралды бекем сактоого, коомчулукка чындыкты жана бейтарап маалымат жеткирүүгө чакырам. Мыйзам маалыматты жарыялоодон мурун текшерүүнү талап кылат. Чыныгы журналист ушуну менен "ушакчыдан", "жалганчыдан" айырмаланат. Эркиндик - бул баарынан мурда жоопкерчилик. Президенттин аброю менен намысын коргоо боюнча Башкы прокуратура берген доо арыздар эки гана маалымат каражатына, бири нече жылдан бери максаттуу түрдө мамлекетти жана президентти дискредитациялоо боюнча иштеп жаткан "Азаттык" менен "Занозага" багытталганын баса белгилеп кетким келет, - деди Алмазбек Атамбаев.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген. (NT)

XS
SM
MD
LG