Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Майлы-Сууда жер көчтү


Майлы-Суудагы уран калдыктары сакталган жер.
Майлы-Суудагы уран калдыктары сакталган жер.

Майлы-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгында көлөмү 700-800 миң кубметр жер сүрүлүп, 6 турак-жайга 1-2 метр жетпей калган. Ошол эле жерде жер кыртышы 10-20 см жараңка пайда болуп, 2 үй-бүлөнүн короо-сарайларына коркунуч жаралган. Ал эми Көпүрө-Башы участкасында көлөмү 300-400 миң, ушул эле аймакта көлөмү 100-150 миң кубметр жер сүрүлүп, 1-1,5 метр тереңдиктеги жер кыртышы көчө баштаган. Мындан үч турак-жайга коркунуч жаралган.

Майлы-Суу шаардык жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкөн жерлерге барып, абал менен таанышты. Кооптуу аймакта жашаган тургундарды убактылуу башка жакка көчүрүү боюнча жергиликтүү бийлик жана тургундар менен сүйлөшүлдү. Учурда жер көчкөн жерге күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова "Азаттыкка" билдирди.

Майлы-Суу шарында уран калдыктары 23 жерге көмүлгөн. Экологдор жер көчкүдөн уран калдыктары ачылып, жергиликтүү тургундардын саламаттыгына зыянын тийгизерин белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG