Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Гавайи соту Трамптын жаңы жарлыгын токтоткон чечим чыгарды


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Гавайи штатынын соту президент Трамптын АКШга кирүүнү чектөө тууралуу жаңы жарлыгын күчүнө кирерине аз калган убакта токтотту. Райондук сот Деррик Ватсон мындай чечимди 15-мартта кечинде чыгарып, аны "жарлык күчүнө кирсе, Гавайи штатына орду толгус зыян алып келет" деп мүнөздөдү.

АКШ президенти Дональд Трамптын алты мусулман өлкөсүнүн жарандарына виза берүү жана өлкөгө кирүүсүн чектөө жөнүндө мыйзамы 16-марттан тарта күчүнө кирмек. Жаңы жарлыкка алтыдан ашуун штатта каршы болушууда. Буга байланыштуу сот жараяндары Мэриленд, Вашингтон жана Гавайиде болуп өттү. Гавайи соту президенттин жардыгы элди улутуна жана дин ишенимине карай бөлүп жарат, штаттын тургундарына Иран, Сирия, Судан, Сомали, Ливия жана Йеменден туугандарынын келүүсүнө бут тосот деп билдирди.

XS
SM
MD
LG