Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

"Ата бейит" тасмасынын бет ачары болот


"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.

"Ата-Бейит" документалдуу тасмасынын улуттук бет ачары 16-мартта "Манас" университетинде өтөт. Тасмада 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессияда атылган кыргызстандыктардын тагдыры тууралуу айтылат.

"Ата Бейит" тасмасы Казанда өткөн мусулман кинолорунун 12-фестивалында кыска метраждуу фильмдердин мыктысы деп табылган.

1991-жылы Бишкек шаарынан 30 чакырым аралыктагы Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 137 кишинин сөөгү табылган. Бейит тууралуу алгачкылардан болуп, бул кыргынга бала чагында күбө болгон Бүбүра Кыдыралиева маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG