Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 02:50

Өзбекстанда түрмөдөн чыккандардын укуктары чектелүүдө


Түрмөдө 18 жыл отуруп, өткөн айда азаттык алган журналист Мухаммад Бекжанга бүгүнкүгө чейин өзбек паспорту бериле элек.

Өзбекстандагы Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгечи тобу түрмөдө узак мөөнөткө отуруп чыккан жарандардын укуктары корголбой жатканын билдирүүдө. Алардын маалымдашынча, 24 жыл абакта отуруп чыккан 72 жаштагы Самандар Куканов өлкө ичинде ээн-эркин жүрө албай жатат. Куканов Ташкенттен чыкпоо боюнча тилкат жазып берген, башка облустарга бара албайт. Өзбекстандын мурдагы депутаты Самандар Куканов 1993-жылы мамлекеттин мүлкүн чыгымга учураткан деген күнөө менен эркинен ажыратылган.

Дагы бир саясий туткун, 80-90-жылдары "Эврил Турон" деген жашыруун ысым менен белгилүү болгон жазуучу Мамадали Махмудов июлда чыгармачылыгы боюнча Чехияга иш сапарга бармак. Бирок ага Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөн чыгууга виза берген эмес.

Мамадали Махмудов 1999-жылы Ташкентте болгон жардырууга тиешеси бар деп соттолгон. 2014-жылы ал эркиндикке чыккан. Бирок жазуучу күнөөнү мойнуна алган эмес.

Түрмөдө 18 жыл отуруп, өткөн айда азаттык алган журналист Мухаммад Бекжанга болсо, бүгүнкүгө чейин өзбек паспорту бериле элек.

XS
SM
MD
LG