Калың кар жана борошого байланыштуу Нарындын Ат-Башы районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Бороон айдап келген кар күрткүсү 12-марттан бери Ат-Башыдагы Өзгөрүш, Ак-Муз айылдарында да түйшүк жаратууда. Ак-Сай кыштоосуна алып барган жолдор жабылып, Кытай чек арасына жакын жердеги 147 түтүн менен байланыш үзүлүп калган.
Ак-Музга жакын 13 кыштоого алып барган жолду кар жаап калган. Ал жакта 26 адам бар. Баары аман-эсен экенин жергиликтүү бийлик кабарлаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бороондон улам кар тазалоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирген. Облустук бийлик жумуштар 16-мартта башталарын кабарлады. (SE)