Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Тажик адвокатынын жазасы 25 жылга чейин узартылды


23 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Еровго дагы эки жылдык мөөнөт кошулду. Анын адвокаты Мавлюда Мамадкулованын “Азаттыктын” тажик кызматына 16-мартта билдиргендей, 15-мартта Юстиция министрлигинин тергөө абагында болгон Жогорку Соттун көчмө отурумунда Еров сотту кордоду деген айып менен эки жылга кесилди. Ошондой эле ал бийлик өкүлүн кордоду деп табылып, ал үчүн бир жылга түзөтүү иштерине чегерилди.

Еров өткөн жылы октябрь айында Душанбе соту тарабынан 23 жылга кесилген. Ал мамлекеттик бийликти кулатууга ачык чакырык жасаган жана тополоң чыгарууну көздөгөн деп айыпталган. Еров коюлган айыпты мойнуна албай, аны саясатка байланыштуу деп атаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG