Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Ак-Сайдагы малчылар менен байланыш үзүлдү


Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосундагы 50дөн ашуун түтүн менен байланыш болбой калды.

Катаал аба ырайы жана калың кардан улам кыштоого алып баруучу Торугарт жана Кынды ашуу жолдору жабылып турат. Аймактагы ДЭУ ишканасынын техникасы менен жергиликтүүлөр кыштоого жөнөшкөн, бирок төрт күндөн бери жолдо турушат.

Ак-Сай кыштоосунда малчылар байланышсыз калганына этектеги мал ээлери кабатыр болуп жатышат. Алар малга тоют, малчыларга азык камдап алышып төрт күн мурда жолго чыгышкан. Бирок жол ачылбай, райондук жол тейлөө башкармалыгынын техникалары жол тазалоого күчү жетпей жаткандыктан, ана-мына ачылып калаар деген үмүт менен төрт күндөн бери жолдо күтүп жатканын Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Улан Ыбышов билдирди.

- 50дөн ашуун түтүн менен 15-20 күндөн бери байланыша албай жатабыз. Алардын баары Кытай менен чектешкен аймактагы чабандар. Биздин үнүбүздү бийликтен бирөө-жарым угар бекен деп сиздерге кайрылдык.

Мындай кырдаал жаралганына эки апта болду. Андан бери кыштоодогу малчылар кандай күн көрүп жатканынан кабар жок. Жергиликтүүлөр болсо Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана облустук бийликке жардам сурап кайрылышкан.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү абал көзөмөлдө экенин, жол тазалоо иштери бороондон улам жүрбөй жатканын билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Токтобек Шоңкоев бүгүн тазалоо жумуштары башталганын маалымдады.

- Малчыларга тоют жетпей жаткандыгына байланыштуу Ат-Башы райондук жол тейлөө ишканасы жолду тазалоо иштерин баштаган. Бирок кардын калыңдыгынан алардын техникасынын күчү да калбай калды. Ошондуктан облустагы башка кызматтардын техникалары тартылып жатат.

Калың кар токтобой, бороон басылбай жаткандыктан Ат-Башы районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген. Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов жеринде жүргөнүн анын басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди:

- Ат-Башы районунун жарандык коргонуу комиссиясы менен бирдикте өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кечээ Ак-Сай кыштоосуна барып келди. Бүгүн ал чукул жыйналыш өткөрүп, облустагы жарандык коргонуу кызматтарынын кошумча техника күчтөрү менен Ак-Сайга кайра жөнөп кетти.

Ак-Муз: кардын калыңдыгы эки метрден ашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ак-Сай өрөөнүндөгү кардын калыңдыгы, бороон жолду ачууга тоскоол болуп жатат. Мындан улам малчыларга барчу жол качан ачылары белгисиз.

Бороон айдап келген кар күрткүсү 12-марттан бери Ат-Башыдагы Өзгөрүш, Ак-Муз айылдарында да түйшүк жаратууда. Алты үйдүн алдын кар басып, сыртка чыгууга кыйын болууда. Айылдагы сегиз ички көчө да күрткүгө басылып турат. Кардын калыңдыгы жарым метрден 2,5 метрге чейин жетет. Бул маселеге көңүл бурууну Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова бүгүн парламенттин жыйынында өкмөткө сунуштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG