Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Ак-Сай: калың кар малды тоютсуз калтырды


Ак-Сайдагы малчы.
Ак-Сайдагы малчы.

Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосуна жааган калың кардан улам 40 миң баш мал тоютсуз калды.

Калың жааган кардан улам Ат-Башыдагы Ак-Cай өрөөнүндө байланышсыз калган 54 үй-бүлөгө азык-түлүк жана малга тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин өкүлдөрү жана райондук бийлик 13 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн жардамды Ак-Сайга жеткирип кайтышты. Учурда Ак-Сайда 50дөн ашык түтүндүн 200 үй-бүлө мүчөсү бар.

Кыштоого кеткен жол кар көчкүдөн улам жабылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду тазалоо ишин 7-январда баштады.

Көп жылдан бери Ак-Сай өрөөнүндө мал баккан Эркинбек быйылкыдай жааган карды мурда көрбөгөнүн айтат. Ак-Сайдагы кыштоого жылына кар аз жаап, мал кол карачу эмес. Эми минтип бир метрге чукул кардан улам кыштоодогу жалпы 40 миңге чукул малга кыйын болду дейт аксайлык чабан.

- Ак-Сайдын Терек деген кыштоосунда мал багам. Негизи жылына минген атыбызга гана кичине чөп жыйнап алганыбыз болбосо, колдогу малды кыштай талаага жайып, чөп жыйначу эмеспиз. Бирок быйыл кар белчеден жаап, малды жая албай калдык. Өзүбүзгө болсо тамак-ашты күзүндө эле жазга жеткидей кылып камдап алганбыз. Андан маселе жок. Бир гана малга тоюттун жоктугу кыйнап жатат. Эми жол ачылса, малдын теңин жакага түшүрбөсөк, мынча малга тоют ташып алып келе албайбыз.

Ак-Сай-Кында автожолу калың жааган кардан улам буга чейин эле жабылып калган. Бирок Ак-Сайда кыштап жаткан жалпы 54 үй-бүлөнүн мал жандыктарына жардам көрсөтүү, Ат-Башы –Торугарт айланма жолу аркылуу тоют жеткирип баруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан атайын топ түзүлгөнүн аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Дөөлөт Ибраев билдирди.

- Малчылар жолду ачып берсеңер малдын теңин айылга алып келебиз деп жатат. Азыр Ат-Башы райондук жол тейлөө башкармалыгынын кар түрткөн автоунаасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн техникалары жолду ачууга аракет жасап жатат. Жол ачылса өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүп, Ак-Сайдагы малдын канчасын жакынкы айылга айдап келиш керек экенин малчылардан билип, анан кошумча техникаларды бөлөлү деп жатабыз.

Кыштоо.
Кыштоо.

Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев жергиликтүү бийлик малчыларга барчу жолду тазалагандан тышкары, зарыл болгон жардамдарды көрсөтүп жатканын билдирди.

- Жолду ачуу үчүн иштеп жаткан балдардын тамак-ашына деп райондук администрация беш миң сомго азык-түлүк алып бердик. Биздин чамабыз чак. Бирок ошентсе да колдон келген жардамыбызды берип жатабыз. Эми бүгүн барып келишсе, жолду ачууга дагы эмне керек экени билинет. Эгер дагы кошумча техникалар же башка жагынан жардам керек болсо биз тийиштүү жерлер менен сүйлөшүп, чечебиз.

Райондук акимчиликтин маалыматы боюнча учурда Ак-Сай кыштоосунда 14 миңден ашык майда жандык, 10 миңдей топоз жана 11 миңден ашык уй-жылкы бар.

XS
SM
MD
LG