Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Аязда азап чеккен окуучулар


Аялдамада турган окуучулар, Бишкек
Аялдамада турган окуучулар, Бишкек

Бишкекте күн сайын жүздөгөн окуучулар кечке жуук аялдамада автобус күтүп, саргайышат. Кар жаап, суук түшкөндөн бери алар кыйналууда.

Азыр шаар четиндеги бир эле конушка автобус уюштурулган. Эл "көйгөйдү чечеби" деп бийликке үмүт артат. Мэрия болсо окуучулар үчүн ата-энелер жооптуу экенин айтып, ар ким баласын үйгө жакын мектепте окутушу керектигин белгилейт.

Атайын автобус - кино

Бишкек. 22-ноябрь, шейшемби. Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрү кесилишкен жердеги аялдама. Убакыт кечки саат алтыдан өткөн. Айлана караңгы. Сууктун күчү - 10 градустун тегерегинде.

Автобус күтүп турган отуз-кырктай адамдын жарымы эле сумка асынган өспүрүмдөр. Алар улам токтогон кичи автобустарга чуркашып, эптүүлөрү түшүп кетсе, жетишпегени кала берет.

Бул маалда элдин баары жумуштан үйгө кайтып жаткандыктан, бош автобус жок. Ошентип, саат беш жарым-алтыларда сабактан чыккан окуучулар кээде жети жарым-сегиздерде коомдук унааларга түшүп кетишет.

Бул жолу да аялдамада кичинекей кыз ыйламсырап турган экен. Ал эки жолу кичиавтобуска батпай калды. Көзүнө жаш тегеренип турган секелекти кепке тартканга аракет кылдым. Аңгыча ага атасы телефон чалып калды:

- Алло, ата! Мени ала кетиңизчи. Караңгыда коркуп жатам...

Бир аздан соң кыздын атасы машине менен келип, алып кетти.

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү мектептерге кичирайондордо жашаган көп балдар каттап окушат. Сабактан кийин үйгө жетүү - алар үчүн чоң түйшүк. Айрыкча кыш күндөрү көп кыйналышат.

№70 мектепте окуган Даниел күн сайын күбө болгон окуяларды айтып берди:

- Күнүгө эле маршрутка күтүп турабыз. Кээде адам көп болуп, батпай калабыз. Кээде чоң кишилер бизди урушат.

- Эмне деп урушушат?

- “Сумкаңды алчы нары” деп айтышат.

- Сен окуучуларга атайын автобус болгонун каалайсыңбы?

- Кинодогудайбы? Албетте, каалайм.

Партияларга артылган үмүт

Бишкекте мектеп окуучуларына автобус уюштуруу маселеси буга чейин бир канча жолу көтөрүлүп, бирок каражат тартыштыгынан улам ишке ашпай келет.

Балдарга боору ооруган калаа тургуну Турсунай Калыкова бул маселени чечүүдө Шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялар кол кабыш кылса болмок деп үмүт артууда:

- Көчөдө турган окуучуларды көрүп, эне катары аябай кейийм. Кечинде кичиавтобустар жумуштан чыккан кишилер жана студенттер менен толот эмеспи. Балдар батпай, жолдо кала беришет. Азыр партиялар миңдеген убадаларды берип жатышпайбы. Башкасы кылбаса да, жок дегенде окуучулар үчүн беш автобус алып беришсе, сооп болмок, элдин ишеними да артмак.

Автобус түйшүгү айрыкча, шаар четиндеги Туңгуч, Рухий-Мурас, Кара-Жыгач райондорунан каттаган балдарды кыйнайт. Анткени, ал жакка каттаган кичиавтобустар аз. Ар 15 мүнөттө келген менен, дайыма киши толо.

Учурда Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда жашаган окуучулар үчүн гана автобус уюштурулган. Бул райондо мектеп жок болгондуктан, мэрия бөлүп берген эки автобус 160 баланы Келечек конушуна ташып, кайра үйүнө жеткирет. Ал үчүн былтыр 834 миң сом, быйыл 1 миллион сомдон ашуун акча бөлүнгөн.

Мэрия буга жооптуу эмес...

Мэриянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Гуля Алмамбетова шаардын башка бөлүгүнө окуучулар үчүн автобус бөлүү планы азырынча каралбай турганын айтты:

- Ата-энелер балдарын өздөрү каалаган мектепке окутат. Өздөрү жашаган жерлерде да мектептер бар, бирок борбор жакка алып келип киргизишет. Анан ушундай маселелер жаралат. Балдардын сууктагы түйшүгүнө жана башка маселелеринин баарына жоопкерчилик ата-энелердин өзүндө.

Алдыдагы эки жылда Мурас-Ордого мектеп куруу пландалууда. Ошондо бул конуштагы балдарга бөлүнгөн автобус бошойт да, башка муктаж райондорго берилмекчи.

Азыр Бишкектеги мектептерде 137 424 бала окуйт. Алардын көбү үйүнөн алыс билим уяларына барышат.

Аязда азап чеккен окуучулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG