Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ашууда жоголгон уста табыла элек


Экинчи устаны издөө иштеринен бир көрүнүш
Экинчи устаны издөө иштеринен бир көрүнүш

23-октябрда Тогуз-Тородон Жалал-Абадга жөө чыгып, ошону менен дайынсыз жоголгон эки адамдын биринин жансыз денеси табылып, экинчисин издөө иштери уланууда.

Аларды ушул жылдын август айында Сузактан устачылык үчүн Казарманга алып кетишкен болчу. Жакындары устачылык кылгандар ал жакта кысымга кабылганын, анын кесепетинен жөө качууга аргасыз болгонун билдиришүүдө.

37 жаштагы Илхам Жумаев эки ай мурда үй-бүлөсүн калтырып, устачылык кылганы Тогуз-Торого кетип, кечээ кечинде анын жансыз денеси үйүнө алып келинди. Туугандары маркумдун өлүмүнүн себептерин түшүнө албай турушат. Бирок телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп турган жубайы Феруза Тешебаева буларды айтат:

- Жолдошумду август айында дагы бир шериги менен тогузторолук киши устачылык иштери үчүн деп 15 күнгө алып кетишкен. Суук түшүп калганынан үйгө чакырсам, алып кеткен адам акчаны бербей, курулушту акырына чейин бүтүрөсүңөр деп мажбурлап жатканын айтты. 23-октябрда чөнтөк телефонун 300 сомго сатып, экөө ал жактан качып жолго чыгышыптыр. Менинче ал жакта бир иш болгон, антпесе булар жөө качып чыкпайт болчу. Үйдөн алып кеткен адам акчасын колдоруна берип, алып келип койгондо балким өлбөйт болчу.

Кычыраган суукта жолго чыккандар Сузак районунун Бек-Абад айылынан болушат. Дайыны билинбей жаткан адамдын аты Надыр Тилебаев, ал 40 жашта.

Усталар Казармандан жөө чыкканда туугандарына "тосуп алгыла" деп телефон чалышкан. Маркумдун жакындары Жалал-Абаддан Тогуз-Торого чейинки жолдун жарымына чейин барып күтүшүп, кардын калыңдыгынан аргасыз үйгө кайта беришкен.

Дайынсыз жоголгон Надыр Тилебаевдин апасы Мукаддас Тилебаева укук коргоо органдары баласын табууга жана айыптууларды жоопкерчиликке тартууга көмөктөшпөй жатканын айтып нааразы болду.

- Бек-Абад айылында эки кишинин башына ушундай иш түшсө, жергиликтүү бийлик же укук коргоо органдары кабар алып койгон жок. Үйдөн жакшынакай чыгып кеткен баланын сөөгүн алып келишти. Сөөк жеткирген кишилер бизден жол кире талап кылып жатышат. Кантип ушундай болсун? Менин баламдын тирүүсү белгисиз, же сөөгү табылбайт. Буга ким жооп берет? Тогузторолук Кошой Молдобаев "балдарың тез эле кайтат, биз таанышпыз" деп алып кеткен. Качып кетпесин деп акча бербей койгон. Анан аргасыз качууга мажбур болушкан. Менин абалымды ким түшүнөт?

Каза болгон устанын жакындары
Каза болгон устанын жакындары

Тогуз-Торонун Казарман айылына жалданма жумушчу болуп иштегени барган эки уста 23-октябрда мончого барабыз деп чыгып, кайра кайткан эмес. 24-октябрь күнү түш чендерде Илхам Жумаевдин суукка тонгон жансыз денесин табышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын адиси Акылбек Ботобеков буларды айтат:

- 24-октябрда биздин куткаруу кызматына Кошой Молдобаев эки уста Сары-Кыр ашуусунда дайынсыз жоголгонун айтып кайрылган. Издөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү Сары-Кыр ашуусунун 44-чакырымынан Илхам Жумаевдин суукка тоңгон жансыз денесин табышкан. Тез жардам унаасы менен сөөктү райондук өлүкканага алып барып бергенбиз. Ал эми Надыр Тилебаевди издөө иштеринен азырынча натыйжа чыга элек.

Мыктыбек Турдукулов
Мыктыбек Турдукулов

Тоо башынан табылган сөөккө соттук-медициналык экспертиза иштери жүргүзүлүп, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иш тергелүүдө. Облустук ИИБнын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов буларга токтолду:

- Бул окуя Тогуз-Торо райондук ИИБсы тарабынан каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ал жакта жалдап иштеткен жаранга мончого чыгып кетип, кайра жолдо адашып кеткендигин билдирген. Ал өзү түнкүсүн издеп таба албаган соң эртеси күнү милицияга жана куткаруучуларга кайрылган. Жакындары жазган арыз да териштирилип жатат.

Эки устанын өлүмүнүн себептери азырынча так айтыла элек. Жакындары усталарды жалдап алып кеткен адамды жоопко тартууну талап кылышууда. Бирок Тогуз-Торонун тургуну Кошой Молдобаев дооматтарды четке кагып, убагында акчасын үйүнө которуп жатканын ырастайт.

Жалал-Абад - Казарман жолу 5-октябрда кийинки жылдын жаз мезгилине чейин жабылган болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG