Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Аксы окуясынын 15 жылдыгын коомчулук өкүлдөрү жана илимпоздор белгилейт


Аксы окуясынын 15 жылдыгына жана Жоогазын ыңкылабынын 12 жылдыгына арналган кереге кеңештин көрнөгү. 2017.
Аксы окуясынын 15 жылдыгына жана Жоогазын ыңкылабынын 12 жылдыгына арналган кереге кеңештин көрнөгү. 2017.

Жума күнү (17-мартта) тарыхчы, философ, укукчу жана саясат таануучу илимпоздор жана коомчулук өкүлдөрү Бишкекте “Аксы окуясы Жоогазын ыңкылабына жол ачкан” аттуу кереге кеңешке чогулууда. Бул тегерек үстөл четиндеги илимий жыйын 2002-жылдын 17-18-мартында Аксы районундагы Боспиек (Бозбу Бийик) дөңсөөсүнүн жанында жана Кербенде акаевдик авторитардык режимге каршы айбат кылган тынч демонстранттардын кандуу жазаланышынын 15 жылдыгына жана 2005-жылдын 24-мартындагы Жоогазын ыңкылабынын 12 жылдыгына арналууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” Фонду, өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси сыяктуу шериктер уюштуруп жаткан бул кереге кеңеш саат 10:00до И.Арабаев атындагы КМУнун Кичи жыйындар залында өз ишин баштайт.

2002-жылы 17-18-мартта Аксы районунун тургундары мурдагы президент А.Акаевдин авторитардык режиминин ички-тышкы саясатындагы кемчиликтерге жана өлкөдө адам укуктарынын одоно бузулушуна каршы тынч демонстрацияга чыккан. Милиция аларга ок атып, натыйжада кыргыз атуулдары Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев жазыксыз жерден набыт болгон. Бул окуялар жана андан кийинки жемкорлуктун кескин өсүшү, адам укуктарын тепселөө, парламенттик шайлоодогу одоно бурмалоолор сыяктуу себептер 2005-жылы 24-марттагы Жоогазын ыңкылабына алып келген.

Боспиектеги эскерүү чарасына Президент А.Атамбаев катышты. 17.3.2016.
Боспиектеги эскерүү чарасына Президент А.Атамбаев катышты. 17.3.2016.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 4-апрелинде кол койгон “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыгына ылайык, 17-март – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “Аксы окуяларынын күнү” деп, 24-март – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү” деп жарыяланган.

Ал эми 2010-жылдын 7-апрелиндеги мурдагы президент К.Бакиевдин авторитардык режими ойрон болгон экинчи элдик ыңкылаптын урматына Кыргызстанда жылына белгиленүүчү “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү” майрамы расмий киргизилген.

(TT)

XS
SM
MD
LG