Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Президент Атамбаев Аксы окуясынын 15 жылдыгын Бишкектен эскерет


Боспиектеги эстелик.
Боспиектеги эстелик.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ак үйдүн алдындагы Аксы, апрель окуяларынын курмандыктарына тургузулган эстеликке барып, гүлчамбар коет. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов "Азаттыкка" билдирди. Айтымында, Аксы районундагы иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков барып катышат. Сапар Исаков ал жакта президенттин кайрылуусун окуп берет.

Аксы окуясын Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков да Бишкекте эскерет. Бул тууралуу спикердин басма сөз катчысы Мирлан Токталиев "Азаттыкка" кабарлады.

Алмазбек Атамбаев мамлекет башына келгенден бери Аксы окуясын жыл сайын кандуу окуя болгон жерге Боспиектеги Аксы баатырларына тургузулган жерге барып, эскерип келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG