Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Аксыда эскерүү иш-чарасын саясатташтырбоо талабы коюлду


Жергиликтүү бийлик менен күч органдары Аксы окуясынын 15 жылдыгын эскерүүдө Дүйшөнкул Чотоновду камактан бошотууну талап кылган лозунгду алдырып салышты. Бул тууралуу учурда Боспиекте жүргөн кабарчыбыз маалымдады.

Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы саат ондо башталары кабарланган. Ага расмий бийликтен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков катышат.
Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү, саясатчылар, Аксы окуясында курман болгондордун жакындары катышары кабарланган.(RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG