Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү Салиеванын эстелигинин алдында аяктайт


Маалымат каражаттары.
Маалымат каражаттары.

Бул тууралуу 18-мартка белгиленген жөө жүрүштү уюштуруучулардын бири Эдил Байсалов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда,16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында жөө жүрүшкө байланыштуу жолугушуу өтүп, иш-чара тууралуу макулдашылды:

- Мурун Түштүк дарбазадан борбордук аянтка чейин бара турган болсок, шаардык ички иштер башкармалыгы менен макулдашылгандан кийин жөө жүрүштү Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аяктамай болдук. Иш-чарага бир катар депутаттар, жергиликтүү коомдук ишмерлер, саясий партиялардын лидерлери, аксакалдар катышканы турат. Бул тынчтык жөө жүрүшү. Анда саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн ураандар чакырылат. Басма сөзгө болгон чабуулга өзүбүздүн реакциябызды жана сотко берилген маалымат каражаттарына, журналисттерге тилектештик билдиребиз. Бирок "кетсин" деген сөздөр айтылбайт. Түштүк дарбазага 10до топтолуп, 10.30да баштайбыз.

Уюштуруучулар жөө жүрүш тууралуу 10-мартта мэрияны кабардар кылышкан. Сөз эркиндигин колдоо жүрүшүнүн багыты Бишкектин түштүк тарабындагы Жеңиш паркынан Ак үйгө чейин деп мерчемделген эле.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген. (NT)

XS
SM
MD
LG