Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:05

Европа комиссиясы Украинага 600 миллион евро бөлүү чечимин чыгарды. Кредиттин шарттарына байланыштуу бул жардам бир нече айга кечикти.

Европа Биримдиги Киевдин жыгач экспортуна киргизген чектөөсүн алып салуу талабын жеңилдетти. Уюм украин өкмөтү бул саясатын өзгөртүүчү мыйзам долбоорун иштеп чыкканы үчүн кредитти бөлүүгө макул болду.

- Жеринде куралдуу уруш жүрүп жатканына карабастан, Украина экономикасын турукташтыруу жана реформалоо жаатында мыкты иштерди аткарды,- деди 16-мартта Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровскис.

Евробиримдиктин бул жардамына жооп катары Киев экономикасын модернизациялоого жана коррупцияны кыскартууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG