Базар-Коргон районунун Акман айылында "коррупция" жана "алдамчылык" беренеси менен айыпталып, эки айга камалган депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин нааразылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтымында, митингге чыккандардын жол тосуу ниети жок, Өмүрбек Текебаевди жана ага козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду чыгарууну талап кылышууда. Митингге катышкандардын саны миңге чукул. Ал эми тартипке көз салып турган милиция кызматкерлер 400дөй экенин кошумчалады Шыкмаматов.
Митингге Шыкмаматов менен чогуу "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев да катышты. Ал чогулган элдин саны миңдей экенин маалымдады.
Ал эми Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов митингге чыккандардын саны 200гө жетпей турганын жана 100дөй күч кызматкерлери турганын билдирди. (NT)