Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:50

Беларус соту кайрадан өлүм жазасын колдонду


Беларус соту бир жыл мурда эки пенсионерди өлтүрдү деп айыпталган 32 жаштагы адамды өлүм жазасына өкүм кылды. Бул 2017-жылы соттолуучуга берилген алгачкы өлүм жазасы болуп калды. Өлкө чыгышындагы Гомел аймагынын соту жаза чегерилген адамдын тек-жайын ачык жарыялаган жок.

Соңку өлүм жазасы эки кызын өлтүргөн адамга 2016-жылдын декабрь айында берилген. 

Беларус - Европадагы өлүм жазасы колдонулган жалгыз өлкө. Европа Биримдиги өлкө бийлигин жазанын бул түрүнө мораторий жарыялоого чакырып келет.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 1990-жылдан бери Беларуста 400дөн ашык адам өлүм жазасына тартылган. 

 

XS
SM
MD
LG