Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Рада медианы украин тилинде берүү даярдоого милдеттендирди


Украинанын Жогорку Радасы
Украинанын Жогорку Радасы

Украин депутаттары улуттук деңгээлдеги телерадио станцияларды берүүлөрүнүн 75 пайызын украин тилинде чыгарууга милдеттендирген мыйзамды жактырды.

Бул маселе орус тилдүү жарандардын арасында карама-каршы пикирлерди жараткан. Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер Киевди атайылап орус тилинин таасирин азайтып жатат деп күнөөлөгөн. Киев бул дооматтарды четке кагып келет.

Мыйзам президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү телерадио компанияларынын маалыматтык мазмунунун кеминде 50 пайызы украин тилинде болушу керек.

Тилдик чектөөлөр эртең мененки саат жетиден кечки саат онго чейинки убакытты камтыйт.

Украин парламентинин Сөз эркиндиги жана маалыматтык саясат комитетинин төрайымы Виктория Сюмар Украинада телерадио берүүлөрүнүн 90 пайызы орус тилинде даярдалып келгенин айтып, соңку чектөө крым татарларына да тиешелүү экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG