Ушул тапта Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусу өтүп жатат. Алгач Меркелдин келүүсү 14-мартка белгиленген, бирок аба ырайына байланыштуу жолугушуу бүгүнкүгө жылган.
Буга чейин ФРГнын өкмөт башчысы менен Трамп телефон аркылуу гана сүйлөшүп келсе, бүгүн тараптар биринчи жолу расмий жолугушуп жатат. Эки лидер тышкы саясатты талкууга алып, Орусия, Украина жана НАТОнун келечеги тууралуу маселелерди козгомокчу. Тараптар экономика жана соода байланышын талкууга алат.
Трамп мурдараак Германиядан келген автоунааларга бажы салыгын жогорулатуу зарылдыгын айткан эле.
АКШ президенти расмий ишке киргенден кийин Меркелдин качкындарга чек араны ачканын сындаган. Өз кезегинде Германиянын өкмөт башчысы Трамптын качкындарга мораторий жарыялап, АКШга киргизбөө саясатын айыптаган. Кийинчерээк Дональд Трамптын бул чечими сот тарабынан жокко чыгарылган (SDz)