АКШ президенти Дональд Трамп дагы бир жолу мурдагы президент Барак Обаманы телефон тыңшоолору боюнча айыптап, Твиттерде жазган сөздөрүнө өкүнүп жатканын айтты.
Ангела Меркел менен жолугуудан соң маалымат жыйында Трамп Германия канцлери менен окшош экенин айтып, экөө тең Обаманын администрациясы тарабынан тыңшалып келгенин кыйытты.
Британиянын чалгын кызматы Трамп Тауэр имаратын тыңшап келгендиги тууралуу суроо берилгенде АКШ президенти Fox News каналында сүйлөгөн юристтин айткандарына гана комментарий бергенин билдирди.
2013-жылы Der Spiegel журналы АКШнын чалгындоо кызматы Меркелдин телефонун тыңшап келгени тууралуу материалды чыгарган. Анда Меркелден тышкары бир катар Европанын саясатчылары бар болгон. (SDz)