Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Москвада Крым аннексиясынын жылдыгына карата концерт өтүүдө


Москвадагы концерт Мамлекеттик университеттин жанында эстрада ырчыларынын коштоосунда өтүүдө. “Дождь” телеканалы маалымдагандай, концертти уюштурууга шаар бюджетинен 22 миллион рубль бөлүнгөн болушу мүмкүн.

“Свобода” радиосуна “Мосгаз” компаниясынын атын атабаган кызматкеринин билдиришинче, мамлекеттик мекемелерде иштегендер концертке милдеттүү түрдө катышуусу керектиги тууралуу билдирүүлөр келген.

Крым жана Севастополдо өтүп жаткан мындай ич-чарага Донбасстагы орусиячыл жикчилдердин лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий катышууда.

2014-жылдын 18-мартында Крым менен Севастополдун Орусияга кошулганы боюнча келишимге кол коюлган. Ага Орусиянын аскерлеринин жарым аралга кирип барышы, эл аралык коомчулук менен таанылбаган референдумдун өткөрүлүшү себеп болгон.

АКШ жана Евробиримдик Орусия Крымды аннексиялап алды деп белгилеп, азыркыга чейин референдумдун жыйынтыгын тааныбай келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG