Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

КСДП казак президентинин айтканына жооп берди


“Бизди бир тууган элбиз деп атап, эгерде керек болсо кийин да чек араны тосуп коёрун убада кылган Казакстандын президентинин сөздөрү терең иренжитти” деп жазылат КСДП фракциясынын билдирүүсүндө.

Фракция депутаты Рыскелди Момбеков эки өлкөнүн кылымдар бою калыптанган достугун эч ким буза албасын айтып, 7-апрелде Бакиевдин режими мыйзамсыз камаган оппозиция лидерлери гана абактан бошотулганын кошумчалады.

“Бир дагы кылмышкер түрмөдөн чыккан эмес, демек, бул суу кечпеген калп сөз чек аранын буулуп калышын актай албайт”, - деп белгилейт депутат.

КСДП депутаттарынын билдирүүсүндө Казакстан лидеринин кыргыз-казак инвестициялык фондусунун алкагында бериле турчу 100 млн доллар жардамдын алигиче келе электиги жазылды.

17-мартта казак президенти Нурсултан Назарбаев казак медиасынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда бийлик алмашуу болгондо түрмөдөн да кишилер бошоп кеткенин айтып, анын негизинде чек ара жабылганын билдирген.

Андан мурдараак президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» телеканалына берген маеги учурунда, 2010-жылы апрель ыңкылабынан соң, Казакстан бир жарым ай Кыргызстанга блокада кылып, окуядан адам курмандыктары да болгонун билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG