Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Илмиянов жана Кутушев депутаттык талапкерлердин тизмесинен чыгууга арыз берди


Икрамжан Илмиянов жана Абдыманап Кутушев КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгуу үчүн арызын жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал талапкерлердин арызы келе жаткан жумада БШК мүчөлөрүнүн жыйынында караларын айтып, азыркы тапта чечим кабыл алына электигин билдирди.

КСДП партиясынын тизмегинде Икрамжан Илмиянов жана Абдыманап Кутушев 50 жана 51-катарда турат. Аталган фракциядан депутат Узарбек Жылкыбаевдин башка кызматка кеткенине байланыштуу, депутаттык кезек Икрамжан Илмияновго келмек. Бирок эки талапкердин арызын БШК канааттандырса, тизме боюнча кезек 52-саптагы Аида Касымалиевага келет.

КСДПнын депутаттыкка талапкерлердин тизмесине ылайык, 53-орунда Азиз Суракматов, 54-Өмүрбек Бакиров турат. (SDz)

XS
SM
MD
LG