Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 16:20

Сөз эркиндигин коргоо жүрүшүндө кармалгандарды соттон башка жакка алып кетишти


Акцияга чыккан айрым активисттерди милиция кармап кетти

Сөз эркиндигине арналган марш учурунда милиция тарабынан кармалгандарды Свердлов райондук сотунун имаратынан алып чыгып, милиция белгисиз тарапка алып кетти. Бул тууралуу сот процессине сырттан байкоо салып жаткан коомдук ишмер Эдил Байсалов “Азаттыкка” билдирди.

Кармалгандардын бири “Эркин эл” саясый партиясынын мүчөсү Айбек Мырза социалдык баракчасына жарыялаган видеодо, аларга соттун чечими угузулган жок. Ал кошумчалагандай кармалгандарга карата камоо тууралуу соттун чечими чыгышы мүмкүн.

Кармалган дагы бир эксперт Азамат Аттокуров сот аларды беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Милиция жана тийиштүү органдар азыркыга чейин окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

Бүгүн “саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” тынчтык жүрүшү болуп, иш-чарага коомдук ишмерлер, оппозиция, журналисттер жана жарандар катышты. Жөө жүрүш Бишкектеги Жеңиш багынан башталып Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аяктады. Акция учурунда “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жана партия мүчөсү Айбек Мырза, энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев, эксперт Азамат Аттокуров милиция тарабынан кармалган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG