Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 10:14

23-апрелде өтө турган Франциядагы президенттик шайлоого 11 талапкер ат салышат. Бул тууралуу Франциянын Конституциялык кеңеши талапкерлердин арызын кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин билдирди. Президенттик жарышка катышуу үчүн талапкерлер кеминде 500 миң кол топтошу керек болчу.

Жарыштагы негизги талапкерлер оңчул-борборчул Франсуа Фийон, көз карандысыз борборчул Эммануэл Макрон жана ашынган улутчулдардын лидери Марин Ле Пен 500 миң кишиден ашык кол топтоп келди.

Талапкерлердин тизмегинде социалист Бенуа Амон, солчулдар күчтүн өкүлү Жан-Люк Меланшон жана дагы бир катар чакан орто оңчул жана солчул талапкерлер бар.

Шайлоонун жүрүшүнө Франсуа Фийонго карата айыптоолор чоң өзгөрүүлөрдү киргизди. Бирок ал өз талапкерлигин алып салуудан баш тартты.

Акыркы сурамжылоого ылайык биринчи турда Ле Пен алдыда келе жатса, андан көп калбай Макрон ишеничтүү келатат. Ал эми Фийон 5-6 пайыз артта. Калган талапкерлер алдыңкы үчтүктөн өтө эле алыс узап кеткен.

Биринчи турда кайсы бир талапкердин жеңип чыгуусу мүмкүн эмес болуп жаткандыктан, президенттик кызматтын тагдыры экинчи турда анык болушу мүмкүн. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG