Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Шотландияда референдум Брекзиттин шарттары жарыялангандан кийин өтөт


Никола Стёрджен
Никола Стёрджен

Шотландиянын көз карандысыздыгы тууралуу референдум Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу шарттары анык болгондон кийин өтмөй болду. Бул тууралуу Шотландиянын биринчи министри Никола Стёрджен билдирди. Анын айтуусунда, Брекзиттин шарттары жарыялангандан кийин Шотландиянын тургундарында туура чечим кабыл алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт.

13-мартта Стёрджен жаңы референдумга даярдык башталганын жарыялаган. Ал быйыл күздө же кийинки жылдын жазында өтүшү керек.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Шотландиянын референдум өткөрүү ниетине каршы экенин билдирди. Ал “референдум өткөргөнчө Евробиримдик менен Улуу Британияга пайда алып келчү келишимдердин үстүндө иштөө керек” деп айтты.

Өткөн жылы жайында көпчүлүк шотландиялыктар Британия Евробиримдиктин курамында калуусу керектигин айтышкан. Бирок, ага карабай Бириккен Королдуктун жалпы жыйынтыгы боюнча Евробиримдиктен чыгуу чечими кабыл алынган.

Шотландияда Улуу Британиянын курамынан чыгуу боюнча референдум 2014-жылы өткөн. Анда 55 пайыз эл Британияда калууну жактаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG